«Окуу керемет!» долбоору Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги «USAID» жана Кыргыз Республикасынын билим беруу жана илим министирлиги тарабынан 1686 мектепте өз ишин алып барат. Долбоор 300 000 башталгыч класстын окуучулары үчүн окуу жана математиканы үйрөнүү натыйжаларын жакшыртууга багытталган.
Жалпы Нарын облусу боюнча 123 мектеп камтылган. Долбоор оз ишин 2024-жылга чейин иш алып барат. Тажырыйба алмашуу максатында Нарын районунун мугалимдери учун Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинде семинар өткөрүлдү. Семинар жогорку денгээлде өткөрүлдү десем жаңылышпайм себеби 10 модуль математика сабагы боюнча иштелип чыккан, озуно жети кадамды камтыган математика сабагы боюнча кырыктуу сабактарды отуп беришти, андан сырткары мугалимдердин ата-энелер менен иш алып баруусун баса белгилеп кетким келет. Коомчулукта балдардын билим берүүгө болгон кызыгуусун өрчутүүдө ата-эне менен «Фин чилистен» жана «Ата-энелер» мектеби сыяктуу иш-чаралаарды алып баруусу абдан маанилүү деп эсептейм,- деп белгиледи долбоордун Нарын облусу боюнча координатору Айжаркын Жунусакунова.
Ал эми Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин директору Назира Касымбекова «Окуу керемет!» долбоору окуучулардын өнүгүшүнө абдан маанилүү экендигин белгиледи.
«Чынында бул семинарды уюштурууда бир катар кыйынчылыктар болду, бирок ага карабастан иш-чарабыз жогорку денгээлде болуп өттү. Башталгыч класстарга окуу жана математика сабактарынан билим берүүдө абдан маанилуу деп эсептейм. Жалпы семинара 25 мектеп жана 60тан ашуун мугалимдер катышты.»- деп билдирет Касымбекова.