“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Учкунстан»медиа командасы «Мыкты медиа бурчтар»сынагында байгелуу орунду камсыз кылды

12 Декабрь 2022 жыл 21:40
Көрүүлөрдүн саны: 152

Жыл сайын «Медиа сабак» Фонду тарабынан «Мыкты медиа бурч» сынагы өткөрүлүп келет. Быйыл республика боюнча «10 мыкты медиа бурч» аныкталып, «Учкунстан» медиа колмандасы жеңүүчүлөрдүн катарын толуктады.

Аталган фондтун регионалдык координатору Тынчтыкбек Досмуратовдун маегинде:»Мектептер арасында медиа маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча Медиа Бурчтар сынагы 5-жолу Республикабызда өткөрүлүп жатат жана бул сынакка Республикабызда 150ден ашуун мектеп катышты.Жыйынтыктоочу форум Ош шаарында өткөрүлдү.Сынактын негизги максаты медиа маалыматтык сабаттуулук, критикалык ой жугуртууну жана санарип сабатуулукту илгерлетууго салым кошкон мыкты мектеп медиа бурчтарын колдоо,» экендигин белгиледи.

«Медиа Сабак» фондунун регионалдык координатору Тынчтыкбек Досмуратов

Чынында сынакка катышып жатканда ар кандай кыйынчылыктар болду. Ар бир медиа бурчта команда болушу керек бизде жалпы командабыз 4-окуучу жана бир мугалимден турду, гендердик теңчилик дагы сакталды деп айтып кетсем жанылышбайм. Бул команда Учкун Жамааттык мультимедиа борборунда иш алып барат ошол себептен дагы креативдуу ойлонуу менен мыкты медиа продукт жарата алдык деп ишенем.»-дейт «Учкунстан медиа командасынын жетекчиси жана «Учкун»медиа борборунун координатору Ислам Мамбетов.

Ош шаарын дагы «Медиа Бурчтар»форуму

«Учкунстан»медиа командасынын мучосу Асема Токтоналиеванын айтымында: «Медиа Бурчтар» бул азыркы замандын талабы жана бул ишти алып барып жатканда сынак дем берди деп айтсам болот. Чынында катышууда коптогон кызыктуу окуялар болду жана мыкты оз ишин так аткарган команда менен байгелуу оорунду камсыз кылдык,» деп эсептейм.

Алтынай Калыбек кызы, Ислам Мамбетов