«Кыска социалдык видеону тартууда дагы көптөгөн кыйынчылыктар болот экен. Алардын бири бул техникалык көйгөйлөр жана каармандардын ролдорду аткарышы. Айтматов атабыздын чыгармаларынын баарын чагылдырып бергенге аракет жазадык.»- деп билдирет аталган демилгенин уюштуруучусу Жибек Шарипова.
Аталган демилгенин катышуучусу Бегимай Дүйшөнбекова айтымында видео тартууда ар кандай кыйынчылыктар болгондугун белгиледи. «Чынында бул кыскача кинону тартууда ар кандай ойлорду бириктирүү менен бир мыкты идея келип чыкты жана тартып жаткан учурларда дагы ар кандай кызыктуу окуялар да болду. Ар бир ролду окшоштуруп коомчулукка белгилүү образды бере алдык деп ишенем.»- деп билдирет Дүйшөнбекова.
Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Темир Мамековдун маегинде бул сыяктуу социалдык видео материалдар абдан маанилүү экендигин белгиледи: «Жалпысынан коомчулукка социалдык видеолор менен маалымат берүү абдан маанилүү. Окуучуларыбызга дагы бул иш аракеттери үчүн ыраазычылык билдиребиз. Белгилүү инсандарыбыздын эмгектерин эскерүү менен биз келе жаткан муунга дагы маалымат берип жатабыз деп ишенем.»
Толук видео материалды ссылка аркылуу көрө аласыздар: