“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылында ачылган тамактануучу жай

1 Январь 2023 жыл 13:25
Көрүүлөрдүн саны: 235

Нарын районуна караштуу Учкун айылында чакан тамак ичүүчү жай ачылды. Бул тамактануучу жай элдер үчүн көптөгөн жеңилдиктерди алып келип жана айыл дагы айымдарды жумуш оорду менен дагы камсыздап жатат.

Тамактануучу жай,кардарларды тейлеп жаткан учуру

Тамактануучу жайдын негиздөөчүсү Сагынбүбү Карачалованын айтымында аталган ашкананы ачууда ар кандай кыйынчылыктар болгонун белгиледи.

«Чынында тамактануучу жай ачуу оңой иш эмес экен. Курулуш иштери дагы оор болду, бирок баары артта калып, азыр жакшы. Ашкананын ачылышында спонсорлук жардам берген адамдар дагы болду жана жолдошумдун туугандары дагы керектүү эмеректерди алып беришти, учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирем. Азыркы убакытта ашканада жалпысынан санитардык нормаларды сактоо менен 3 адам иштеп жатат жана ошондой эле келип тамактангандар менен биргеликте заказдарыбыз дагы көп. Конокторубуз кошуна айылдардан дагы келип жатат.»- деп билдирет Карачалова.

Тамактануучу жайдын жетекчиси Сагынбубу Карачалова

«Азыркы учурда бул тамак ичүүчү жайдын коомчулукка тийгизген таасири зор! Себеби үй-бүлөөбүз менен убакытты чогу өткөзүп, өздүк майрамдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө, конокторду тосууда алыскы Нарын шаарына же башка жерлерге барып көп каражат коротпой жакшы болду. Бир четинен жеке чөнтөгүбүзгө дагы үнөмдүүлүк болот. Тамак-аштары дагы даамдуу экен. Чынында айылыбызда ушул сыяктуу жайлар көп болушу керек деп эсептейм.»- деп билдирет тамактануучу жайдын кардары Ырыскул Асыкбаева.

Тамактануучу жайдын кардары, айыл тургуну Ырыскул Асыкбаева

Мектеп окуучусу, тамактануучу жайдын кардары Айжан Жумадилованын маегинде тамак-аштары абдан даамдуу экенин белгиледи. «Тамактануучу жайдын жайгашкан жери абдан ыңгайлуу, себеби биз ар кандай мектеп ийримдерге келгенде үйгө барып убара болбой тамактанып алсак болот. Эн негизгиси баасы дагы ыңгайлуу».

Тамактануучу жайдын кардары Айжан Жумадилова

 

Ислам Мамбетов, Алтынай Калыбек кызы