Нарын облусуна караштуу Учкун айылынын, Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде «Медиа Сабак» аталышын дагы дебаттык турнири болуп өттү. Дебаттык беттешке 14 жаштан, 17 жашка чейинки окуучулары катышты. Турнирде жалпы 8- команда ойноду.
Иш-чаранын уюштуруучусу Ислам Мамбетовдун айтымында аталган демилге тоолу аймактар дагы жаштардын критикалык ой жүгүртүүсүн жогорулатуу менен биргеликте аларга медиа маалыматтык сабаттуулук темасы жана маселени анализдөөсүнө жардам берүүгө арналгандыгын билдирди.
«Аталган дебаттык турнир Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде өткөрүлдү , ага 16- окуучу же 8- команда катышты. Турнир БПФ (Британ парламенттик форматы) боюнча уюштурулуп, кыргыз тилинде өткөрүлдү. Иш-чара «Жаш Дем» медиа борбору тарабынан уюштурулуп, «Медиа сабак» коомдук фонду тарабынан колдонуп, «Prevention Media» фонду жана «Учкун» жамааттык мультимедиа борбору менен биргеликте өнөктөштүктө өткөрүлдү. Жалпысынан дебаттык оюн 3-тур менен өтту жана биринчи орунду «Умники» командасы, экинчи орунду «Клевер» командасы, учунчу орунду «VIP» командасы камсыз кылды. Ал эми «Мыкты спикер» номинациясына Канышай Турдалиева ээ болду». -деп билдирет өз маегинде Ислам Мамбетов.
«Дебаттык оюнга биринчи жолу катышып жатам.Чынын айтсам мен үчүн оор болду. Катышкандардын арасында тажырыйбалуу дебатчылар дагы бар экен, бирок жакшы даярданып жаттым. Бул турнирге классташтарым аркылуу угуп катыштым жана биринчи оорунду камсыз кылам деп ойлогон эмесмин деп билдирет».- Баш байгенин ээси, «Умники» командасынын спикери Амина Таалайбекова.
Дебаттык турнирдин катышуучусу Канышай Турдалиеванын айтымында аталган оюн кызыктуу өткөндүгүн белгиледи. «Ушул сыяктуу дебаттык турнирлер көп жолу уюштурулуп туруусун каалайм, себеби бизге өз оюбузду айтууга аянтча тузуп беруу менен биргеликте маселени критикалык жактан тушунуп, анализдөөгө жардам берет. Мен дебаттык иш-чарада «Мыкты спикер» номинациясына ээ болдум жана бул мага дебатты келечекте мыкты ойноомо мотивация болду деп айта алам».
«Жаштардын критикалык ой жугуртуу жондомдорун өрчүтүүгө жана эл астында өз оюн эркин билдирүүгө дебаттык иш-чаралардын мааниси чон. Аталган дебаттык турнир биздин мектеби бизде өткөрүлгөндүгү бизди кубандырат. Бирок эркек балдардын оюнда санынын аздыгы бизди өкүндүрөт».- деп билдирет Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчы Нурсултан Асанбеков.
Асема Токтоналиева