“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Жалпы калкка убактысын кызыктуу өткөрүүгө жардам берген мууз аянтчасы

19 Февраль 2023 жыл 20:43
Көрүүлөрдүн саны: 270

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жылдагыдай ачылган мууз аянтчасы иштеп жатат. Ал жерге окуучулар, жаш үй-бүлөөлөр келип мууз тебишет. Айылдагы мууз аянтчасы коньки жана чана тебууго ылайыкталган.

Мууз аянча

Ал эми аянтчаны иштетип жаткан Намыс Ишеналиевдин айтуусунда, мындай аянтчаны ачуу оор жумуш, себеби ага эмгек жана көп каражат кетээрин билдирет.

«Бул аянтчаны Мирбек Карабалаев байкебиз ачкан. Азыркы тапта мен иштетип жатам. Аянтчада коопсуздук эрежелери сакталган. Күнүнө 500-700 сомго чейин табам» -деп билдирет Ишеналиев.

Аянтчанын иштетуучусу Намыс Ишеналиевдин маалымат берип жаткан учуру

Мууз аянтчасына келген Жанара Бекболотованын айтымында, аянтча жашоочулар үчүн кышында убактысын кызыктуу өткөрүүгө жакшы мумкунчулук экенин белгиледи.

«Чынында муз аянтчасынын ачылышы биз үчүн аябай жакшы болду. Себеби балдар ойноп күлүп жыргап жатышат. Баасы дагы аябай үнөмдүү жана көп деле каражат кетпейт. Тейлөөсү абдан жакшы» -деп билдирет өз маегинде Жанара Бекболотова

Аятчанын кардары Жанара Бекболотова

Мууз тебүүчү жайдын кардары Эдил Дайыракуновдун маегинде аянтча бул жылы баардык шарттарга жооп берерин белгиледи.

«Бул жылы мууз аянтчасында конькинин саны былтыркыга караганда көбөйүп калганы сүйүндүрөт. Ал жалпы аянтчанын шарттары жакшы экенин белгиледи».

Айыл тургуну Эдил Дайыракунов

Айжан Жумадилова, Ислам Мамбетов