“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«English language» дебаттык турнири

5 Март 2023 жыл 15:24
Көрүүлөрдүн саны: 170

Нарын облусуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде аглис тилинин бир айлыгына карата «English language» дебаттык турнири болуп өттү. Иш-чарага жалпысынан 4 команда ойноду. Турнир БПФ (Британ парламенттик форматы) форматында уюштурулду. 

«English language» дебаттык турнири

Дебаттык турнирдин уюштуруучусу Асыл Замирбек кызынын айтымында аталаган дебаттык иш-чара жаштарды англис тили тарабынан өнүктүрүүгө арналган. «Мектебибизде англис тилинин бир айлык демилгеси жарыяланган. Бул демилгенин негизинде биз «English language» дебатттык турниир уюштурдук, аталган дебаттык турнирге жалпысынан 4 команда катышты. Турнирдин негизги темалары болуп англис тили болду жана 1- орунду «VIP» командасы, 2- орунду «Феникс» командасы, 3- орунду «WIN» командасы жана 4- орунду «Диор» командасы камсыз кылды. Ал эми оюндун «мыкты спикери» Бермет бекжанова болду»- деп белгилейт Асыл Замирбек кызы.

Дебаттык турнирдин уюштуруучусу асыл Замирбек кызы

«Турнир абдан кызыктуу жана кыйын болду. Көптөгөң темалар англис тили тууралуу болдугуна байланыштуу, биз кызыктуу дагы маалыматтарды ала алдык. Чынында атандаш командалар дагы абдан кыйын экен бирок, бул оюндан тажирийба болду деп эсептейм»- деп билдирет «Диор» командасынын спикери Малика Дүйшөнбекова.

Диор командасынын спикери Малика Дүйшөнбекова

Дебаттык турнирдин жеңүүчүсү, «VIP» командасынын Бекжанова Берметтин айтымында дебат бул жаштарга өз оюн жеткирүүгө аянтча экендигин белгиледи. «Бул дебаттык турнир буга чейин ойноп жургөндөрүмдөн дагы өзгөчө болду, себеби англис тили тууралуу маалыматтарды берүүдө дагы туура жеткиришибиз керек экендигине ынандым. Мен дебаттык иш-чарада «Мыкты спикер» номинациясына ээ болдум»- деп билдирет Бермет Бекжанова.

«VIP» командасынын спикери Бермет Бекжанова

Ислам Мамбетов