“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Жаш Кабарчы» мектеби

5 Март 2023 жыл 12:09
Көрүүлөрдүн саны: 224

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы «Учкун» жамааттык мультимедиасынын кабарчылары үчүн «Жаш Кабарчы» мектеби старт алды. Аталган мектептин максаты медиа маалыматтык сабаттуулук жана критикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн жогорулаттуу менен биргеликте, материалды туура жазууга багытталган. «Жаш Кабарчы» мектеби Учкун жамааттык мультимедиасы тарабынан уюштурулуп, Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин колдоосунда жана «Медиа Сабак»коомдук фондунун өнөктөштүгүндө ишке ашырылат.

«Жаш Кабарчы» мектебинин катышуучулары

Учкун жамааттык мультимедиасынын координатору Ислам Мамбетовдун маегинде аталган мектеп медиа борборлордун өнүгүшүнө мааниси чоң экендигин белгиледи. «Жаш Кабарчы мектебине азыркы тапта 5- кабарчы билим алып жатат. Жалпысынан мектеп сегиз бөлүктөн турат жана март айынан, май айларына чейин уланат. Мектептин максаты медиа борбордун кабарчыларына медиа маалыматтык сабаттуулук жана критикалык ой жүгүртүү темаларында билим берүү болуп саналат»- деп билдирет өз маегинде мектептин уюштуруучусу Мамбетов.

«Учкун» жамааттык мультимедиа юорюорунун координатору Ислам Мамбетов

«Чынында материал жазуу абдан оор экен жана интервью алып жатканда дагы ар кандай кыйынчылыктар болот экен. Бирок ошол эле убакытта бул процесс абдан кызыктуу өтүү менен биргеликте, өзүңдө чоң жоопкерчилик бар экендигин сезет экенсиң деп билдирет»- деп билдирет аталган мектепттин катышуучусу Айжан Жумадилова.

Жаш кабарчы Айжан Жумадилова жана Малика Дүйшөнбекова

Жаш кабарчы Малика Дүйшөнбекованын айтымында медиа борборго кабарчы болуу анын максаты экенин белгиледи. «Окутуу абдан кызыктуу оюн жана темалар менен өткөрүлүп жатат. Мага өзгөчө дизайн жана тексттер менен иштөө жакты. Бул сыяктуу мектептер жаштардын өзүн өнүктүрүүсүнө абдан маанилүү деп эсептейм»-деп билдирет иш-чаранын катышуучусу Малика Дүйшөнбекова.

«Жаш Кабарчы» мектеби

Даярдаган; Алтынай Калыбек кызы

Редактор; Ислам Мамбетов