Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде «Ак калпак» күнү белгиленди. Бул күнгө карата мектеп парламенти тарабынан жөө жүрүш уюштурулду. Жүрүшкө жалпысынан мектеп окуучу мырзалары катышты.
Мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Темир Мамековдун айтымында аталган иш-чара жалпы окуучуларга тарбиялык максатка ылайык маалымат берүү болуп саналаарын белгиледи. «Жалпысынан жүрүштү уюштурууда эч кандай кыйынчылыктар жаралган жок, себеби бул сыяктуу иш-чаралар жыл сайын уюштурулуп турат. Бул жылдын өзгөчөлүгү жөө жүрүш масштабдуу уюштурулду». — деп эсептейт Темир Мамеков.
«Бул иш-чара уюштуруунун негизги максаты коомчулукка маалымат берүү болуп саналат. Жалпысынан жүрүшкө мектеп мырза окуучулары катышты жана ошондой эле тийиштүү линейкалар уюштурулду.»- деп билдирет аталган мектептин негизги кеңешчиси Асема Токтоналиева.
Иш-чаранын катышуучусу Гүлчоро Тынчтыкбек уулунун маегинде иш-чара кызыктуу өткөндүгүн белгилейт. «Менин оюмча түшүндүрүү иштери абдан кызыктуу уюштурулду. Чынында мен өзүмдү калпак тууралуу баардык керектүү нерселерди билем деп ойлогом бирок билбеген кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар көп экен».- деп белгилейт Гүлчоро Тынчтыкбек уулу.
Ислам Мамбетов