Нарын районуна караштуу Учкун айылында 8-март айымдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду. Ага жалпы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин окучулары жана мугалимдери катышты. Иш-чара метеп мырзалар жамаатынын демилгеси тарабынан уюштурулду.
Иш-чаранын уюштуруучусу жана мектеп ажосу Ислам Мамбетовдун айтымында аталган иш-чара метепте биринчи жолу болуп жатканын белгиледи. “Жыл сайын мектеп айымдарын салттуу куттуктап келебиз, бирок бул жылы өзгөчө программа менен атайын линейка жана куттуктоо иштерин жүргүздүк. Демилгеге жалпы жогорку класстын мектеп жигиттери менен биргеликте уюштуруду”.- деп билдирет Ислам Мамбетов.
“Иш-чараны уюштурууда эч кандай кыйынчылыктар жаралган жок жана ошондой эле окуучулар активдүү катышып жатышты. Линейканын ар бир бөлүгундө кызыктуу оюн жана ар тараптуу жаш таланттар менен коштолуп жатты. Бул нерсе чынында жаштардын дагы ар тараптуу креативдүү өнүгүшүнө салым кошот деген ишеничтемин”.- деп билдирет тарбия иштери боюнча директордун орун басары Темир Мамеков.
Иш-чаранын катышуучусу Канышай Улан кызынын айтымында аталган демилге кызыктуу өткөрүлгөндүгүн белгиледи. “Чынында айымдарга арналган линейка ар тараптуу жана кызыктуу уюштурулуптур. Себеби көп убакыттан бери бул сыяктуу айымдарга арналган иш-чаралар жокко эссе болгон. Кызыктуу оюн жана ценкалар баарынан жүзүндө жылмайуу каалтырды деп ойлойм”. – деп билдирет Канышай Улан кызы.
Айжан Жумадилова