“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Нарын районунда зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө

14 Март 2023 жыл 12:35
Көрүүлөрдүн саны: 421

Нарын облусуна караштуу Учкун айылында Нарын райондук билим берүү бөлүмү жана социалдык коргоо органдары, Нарын райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте зордук- зомбулукка каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чарага жалпысынан мектеп окуучулары жана ата-энелер катышты. 

«Балдар — биздин байлыгыбыз» темасындагы жыйын

«2023-жылдын 10-мартынан баштап Нарын районундагы бардык айыл аймактарындагы орто мектептеринде окуучулар арасында зордук -зомбулуктун, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери тармактык органдарынын жетекчилери тарабынан окуучуларга жана ата-энелерге жүргүзүлүүдө. «Канткенде мен мекениме салым кошо алам?», «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам», «Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу» аталышында ата-энелерге, келген тармактык органдардын жетекчилерине окуучулар тарабынан жогорку деңгээлде даярдалган сценкалар коюлду. Коюлган сценкалар кыргыз жазуучуларынын чыгармаларынан чагылдырылып, жогорку чеберчилик менен аткарылды», -деп билдирет Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Анара Орозказиева.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Орозказиева Анара Жеенбековна

Окуу жана тирбия иштери боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбековдун айтымында аталган иш-чара жалпы мектеп окуучулары жана ата-энелер үчүн керек деп эсептейт.

«Ата-эне жана балдардын ортосунда чынында ажырым чоң. Бул маселени чечүү үчүн ушул сыяктуу атайын органдардан турган жолугушу ата-энелерге өзгөчө таасирин тийгизет деп эсептейм.  Бул сыяктуу жолугушуулар көп уюштурулуп турса жакшы болмок. Жолугушуунун негизги темасы буга чейин «зордук жана зомбулук» болсо, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Анара Орозказиева тарабынан «Канткенде мекениме кызмат кылам» деген позитивдүү темасына өзгөртүлгөндүгү дагы абдан жакшы болду. Себеби, бардык нерсе сөздөн, ойдон башталат жана балдар зордук- зомбулук деп даярдангандан көрө мекенге кандай кызмат кылсам деп ойлонгону психологиялык жактан дагы туура деп эсептейм»,-деди Нурсултан Асанбеков.

Окуу жана тирбия иштери боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбеков

Жаш ата-эне Элнура Турсунгазиеванын айтымында аталган жолугушууда өзүнө керектүү бала менен маектешүүдөгү маалыматтарды алганын белгиледи.

«Чынында азыркы тапта балдарыма көбүрөөк көңүл бурушум керек экен. Балдарым менен дос катары баарлашуу менен алардын оюн угуу дагы маанилүү экен. Бирок ошол эле убакытта балдарымдын жүрүм-турумун жана гаджеттерди колдонуусун көзөмөлдөп калдым. Эң башкысы кандайдыр бир маселеге күбө болсом атайын  тийиштүү органдарга кайрылуум керектигин түшүндүм».

 

Ислам Мамбетов