Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде айлана-чөйрөнү тазалоо иштери өткөрүлдү. Иш-чарага мектеп окуучулары жана мугалимдери катышты. Ишембилик “Учкунстан” мектеп парламентинин демилгеси тарабынан уюштурулду.
Тарбия иштери боюнча директордун орун басары Темир Мамековдун айтымында аталган демилге жыл сайын мектептин айланасын көрктөндүрүп туруш үчүн уюштурулат.
“Жалпысынан жыл сайын мектепти көрктөндүрүп туруу максатында айлана-чөйрөнү тазалоо иштери уюштурулат. Ага мектеп окуучулары жана мугалимдер катышат. Бул убакытта топтолгон таштандылар атайын сорттолуп кайра иштетүүчү жайларга берилүү менен биргеликте, таштанды палигондоруна ыргытылат”,- деп билдирет Темир Мамеков.
“Бул сыяктуу иш-чаралар абдан көп болуп туруусу керек деп эсептейм. Себеби бизге айлана чөйрөнү көрктөнүрүү иштери жалпы жаратылышка жана мектепке дагы пайдалуу. Бул субботниктин өзгөчөлүгү, ар бир класска тазалоочу аймактарды бөлуп бергендиги жакшы болду деп эсептейм”,- деп билдирет демилгенин катышуучусу Жанара Бекболотова.
“Учкунстан” мектеп парламентинин экология министири Жибек Шарипованын айтымында аталган иш-чара мектеп парламенти тарабынан уюштурулган. “Тазалоо иштери жыл сайын уюштуруп туруларынын алдында атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Тушүндүрүү иштеринде экологиялык темалар тууралуу сөз кылынып каалоочу мектеп окуучулар өз сунуштарын мектеп парламентине киргизе алат. Бул жылы жалпы субботнике мектеп окуучулары активдүү катышышты. Ар бир класстарга мектеп аянтчасынын ичинде атайын жерлер бөлүнүп берилген. Жалпы эле айлана-чөйрөнүн көрктөнүп туруусу коомчулукка дагы жагымдуу”.- деп билдирет Жибек Шарипова.
Ислам Мамбетов, Айжан Жумадилова