“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Нарын: Мектеп президенттери «Ынтымак кербенине» катышты

6 Апрель 2023 жыл 12:43
Көрүүлөрдүн саны: 242

2023-жылдын 26-27-март күндөрү Бишкек шаарында, Нарын районунун жаштар кеңеши жана Нарын райондук администрациясынын демилгеси менен райондогу мектеп президенттер арасында «Ынтымак кербени» саякаты болуп өттү. Демилгенин негизинде окуучулар бир катар маданий жана билиим берүүчү жайларга барып, бир катар чыгармачыл инсандар жана депутат, министирлер менен жолугушту.

«Ынтымак кербени» Нарын районунун мектеп призиденттери «Улуттук телерадио корпорациясында»

Иш-чаранын негизги уюштуруучусу, Нарын районунун жаштар кеңешинин төрагасы Чогулдур Абдыжалиловдун айтымында аталган демилге окуучуларга ар кандай маанилүү маалыматтарды берерин белгиледи. «Ынтымак кербени — окуучулар үчүн мектеп парламенттеринде иш алып барууда абдан маанилүү. Бул демилгенин алкагында буга чейин Нарын шаарында жолугуша алган, Нарын районунун баардык мектеп президенттери катышып спикерлерден пайдалуу маалымат алуу менен биргеликте, эки күн аралыгында катышуучулар; Улуттук тарых музейине, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлиги, Билим берүү жана илим министирлигине, Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейине, Опера жана балет театры менен биргеликте УТРКга жана «Октябрь» кинотеатрларына бара алышты»,- деп билдирет Чогулдур Абдыжалилов.

Нарын районунун жаштар кеңешинин төрагасы Чогулдур Абдыжалилов жана Жаштар кеңешинин мүчөлөрү

«Ынтымак кербенинин негизги максаты бул — мектеп парламенттеринин ишин жандандыруу болуп саналат. Чынында кээде мектептерде мектеп парламенттери туруктуу иш алып барбайт жана мектеп тарабынан дагы тийиштүү көмөктөр дагы көрсөтүлбөйт. Ушул себептен кызыктыруу менен биргеликте ар кандай спикерлер менен баарлашууда шык бере алабыз деп ишенем. Окуучулар иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбеков, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана «Манас» театрынын кызматкерлери менен жолугушуп, өз көйгөйлөрүн жана аткарып жаткан иштери менен бөлүшө алышты.

Жеке эле мектептик жашоодо гана эмес, өздүк жашоодо дагы керектүу пайдасы тийүү менен биргеликте келечектеги максатын, азыртадан даярданууга жардам берет деп ойлойм. Бул демилгенин алкагында дагы бир катар билим — берүүү иш-чаралар болмокчу»,-деп билдирет өз маегинде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Анара Орозказиева.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Орозказиева Анара Жеенбековна

Иш-чаранын катышуучусу, Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин президенти Ислам Мамбетовдун айтымында аталган демилге көптөгөн мүмкүнчүлүк жана ар түрдүү кызыктуу маалымат берээрин белгиледи.

«Ынтымак кербени — саякаты жогорку дэңгээде уюштурулуптур. Иш- чаранын алкагында көптөгөн маданий жана билим беүүчү жайларды көрүү менен ар кандай инсандарды жолуктуруу бул креативдүү идеаларды алып чыгууга чоң түрткү болот деп ишенем. Эң негизгиси демилге жаштарга жарандык коомдогу турмушка катышуусуна жана бири-бири менен тажырыйба алмашууга дагы түрткү болду деп ойлойм».

«Ынтымак кербени». Окуучулар «Манас» театры менен болгон маеги

Асема Токтоналиева