“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылында «Miss Uchkun 2023» сынагы уюштурулду

30 Апрель 2023 жыл 19:01
Көрүүлөрдүн саны: 218

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде мектеп окуучулары үчүн «Miss Uchkun 2023» сулуулар сынагы болуп өттү. Сынакка жалпысынан жогорку класстардын окуучулары катышты. 11- класстын окуучусу Мээрим Мунарбек кызы «Miss Uchkun 2023» деп аталды.

«Miss Uchkun 2023» сулуулар сынагы

Тарбия иштери боюнча директордун орун басары Темир Мамековдун айтымында аталган иш-чара көп убакыттардан бери уюштурулбай калганын белгиледи.

«Бул жылы сулуулар сынагы мектептин жогорку класстары үчүн уюштурулуп, окуучуларга өз өнөрлөрүн көрсөтүүгө аянтча болду деп айта алам. Андан тышкары бул демилге өлкөдөгү ар кандай пандемиялык шарттардан улам уюштурулбай келген, бирок келечекте улантабыз деген үмүттөбүз бар»,- деп белгилейт Темир Мамеков.

Сулуулар сынагынын катышуучулары

«Сулуулар сынагын уюштурууда дагы ар кандай кыйынчылыктар дагы болду. Бирок ага карабастан катышуучулар өз өнөрлөрүн жогорку деңгээлде көрсөтө алды. Сулуулар сынагына жалпысынан 9 – класстан, 11 – класска чейинки окуучулар катыша алышты. Иш-чара төрт бөлүктөн турду жана биринчи бөлүгүндө катышуучулар өз каалоосу менен жазаган кийимдерин калыстарга тааныштырып, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, финалдык бөлүгүндө калыстарга жазаган тамак-аштары менен даамдатты. Баш байгени 11 – класстын окуучусу Мээрим Мунарбек кызы камсыз кылып «Miss Uchkun 2023» деп аталды»,- деп билдирет иш-чаранын башкы уюштуруучусу Мунара Курманова.

«Miss Uchkun 2023» баш байгесинин жеңүүчүсү Мээрим Мунарбек кызынын айтымында аталган сынактын жеңүүчүсү боломун деп эч ойлогон эмес.

Баш байгенин жеңүүчүсү Мээрим Мунарбек кызы

«Бул сынакка катышууну ар дайым каалагам, бирок эч качан жеңем деп ойлогом эмесмин. Чынында баардык катышуучулар абдан күчтүү даярданыптыр жана ошондой эле бул демилгенин ишке ашыруучуларына терең ыраазычылык билдирем»,- деп билдирет Мээрим Мунарбек кызы.

Ислам Мамбетов