“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылында ата-энелер жана балдар үчүн «Бирге окуйбуз» иш-чарасы уюштурулду

1 Май 2023 жыл 0:32
Көрүүлөрдүн саны: 150

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде ата-энелер жана окуучулар үчүн үй-бүлөлүк «Бирге окуйбуз» сынагы уюштурулду. Иш-чарага 5- класстардын окуучулары катышуу менен биргеликте «Мизамдыктардын окуясы» аттуу китебин талкуулашты.

«Бирге окуйбуз» сынагы

Окуу – тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбековдун айтымында үй-бүлөдө ата-эне жана баланын бирге китеп окуусу абдан маанилүү.

«Бала ар дайым бир нерсени окуп жатканда, өз оюн талкуулагысы келет жана китепкөй жаштарды калыптандырууда дагы ата-эненин ролу чоң. Балага ар тараптан өнүгүүсүнө биргеликте ушул сыяктуу иш-чараларды уюштуруу абдан маанилүү»,- деп белгилейт Нурсултан Асанбеков.

Иш-чаранын катышуучулары

«Демилгени ишке ашырууда дагы бир канча кыйынчылыктар жана кызыктуу окуялар болду. Кээ бир ата-энелер өз балдары үчүн кайдыгер мамиле жасап иш-чарабызга катышып дагы берген жок, ал эми кээ бир ата-энелер абдан мыкты деңгээлде катышып, балдары менен кантип убактыларын дагы өткөзүшөөрүн белгиледи. Иш-чарага жалпы беш ата-эне жана беш окуучу катышып ар кандай наамдарды жеңип алышты, сынактын жүрүшү дагы «Мизамдыктардын окуялары» аттуу китеп тууралуу болду. Негизи демилгенин максаты ата-энелер менен балдардын бирге китеп окуусун калыптандыруу жана окуучуну ар тараптан колдоо болуп саналат»,- деп билдирет сынактын башкы уюштуруучусу Алина Иличбекова.

«Креативдүү үй-бүлө» наамынын жеңүүчүлөрү Бегимай Дүйшөнбекова жана анын иниси

Иш-чаранын катышуучусу Бегимай Дүйшөнбекова абдан кызыктуу уюштурулганын белгиледи.

«Чынында иш-чара абдан кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды камтыган китеп менен өттү деп айтсам болот. Мен бул сынакка өзүмдүн иним менен бирге катыштым жана «креативдүү үй-бүлө» номинациясын камсыз кылдык»,- деп билдирет Бегимай Дүйшөнбекова.

Ислам Мамбетов