“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Нарын: Учкунда райондук деңгээлдеги “Акимдин кубогу” дебаттык турнири өткөрүлдү

18 Май 2023 жыл 0:15
Көрүүлөрдүн саны: 268

Нарын районунун Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде «Акимдин кубогу» аталышындагы, райондук деңгээлдеги дебаттык турнир уюштурулду. Жалпысынан иш-чарага 24 команда жана 7 сот катышты. Дебаттык турнирдин жеңүүчүсү “Жаш канат” командасы аталып, кийинки кезек Жакып Өмүралиев атындагы орто мектебине узатылды.

«Акимдин кубогу» дебаттык турнири

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары Анара Орозказиеванын айтымында аталган дебаттык турнир окуучуларга өз оюн коомчулука билдирүү менен биргеликте маалыматка сынчыл ой жүгүртүүгө жардам берерин билдирди.

“Аталган дебаттык турнир Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси тарабынан 3 — жылы уюштурулуп жатат жана бул жылы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде өткөрүлдү. Башында биз бул демилгени баштап жатканда дебаттык темаларда деги эле райондук мектептердин, окуучулардын дагы маалыматы жана тажырыйбасы аз болгон. Бирок жыл өткөн сайын дебаттык турнирлер абдан кызуу даярдык менен уюштурулуп, окуучулар ар кандай аргументтер менен өз позицияларын кенен билдирип маалыматты анализдеп ар тараптуу берип жаткандыгы сүйүндүрөт”,- деп билдирет Анара Орозказиева.

Дебаттык турнирдин жүрүшү

“Жалпысынан өткөрүлгөн дебаттык турнирге район боюнча 24 команда жана 7 сот катыша алды. Турнир жалпы 5 раундга созулуп, (БПФ) Британ парламенттик форматында уюштурулду. 16 команда чейрек финалга чыгып, анын ичинен, 4 тайпа финалга чыга алды. 1 – орунду “Жаш канат” тайпасы, 2 – орунду “Актан” командасы, 3 – орунду “Нарк” тайпасы жана 4 – орунду “Клевер” командасы багындырды. Иш-чаранын башкы соттору “Республикалык Дебат Борбору”коомдук бирикмеси жана “Манас”дебаттык клубунун мүчөлөрү болушту”,- деп билдирет турнирдин башкы уюштуруучусу жана аталган метептин окуу – тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбеков.

Турнирдин калыстар тобу

“Республикалык Дебат Борбору”коомдук бирикмесинин төрагасы Умар Жансеркеев дебаттык турнир жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи.

“Чынында аталган дебаттык турнир абдан кызыктуу болду. Ар кандай буга чейиндагы ойноп жана жаңы гана ойноп жаткан дагы команадалар бар экен. Региондордогу жаштарды ар тараптан өнүгүүсүнө жол ачып жаткандыгы сүйүндүрөт жана ошондой эле ушул сыяктуу дебаттык турнирлер жашатрдын оюн айтууга мүмкүнчүлүк берүүчү аянтчалар дагы да көп уюштурулуп туруусу керек деп эсептейм”,-деп билдирет Умар Жансеркеев.

Иш-чаранын сыйлоо аземи

“Дебаттык турнир жогорку деңгээлде уюштурулуптур жана соттор дагы күчтүү экен. Бирок оюнда ар кандай татаал резолюциялар менен биргеликте кыйын атаандаш командалар дагы болду, буга карабастан жакшы жыйынтык көрсөтө алдык. Бул сыяктуу демилгелер бизге ар тараптан өнүгүүгө салым кошууга жардам берет”,- деп билдирет Дебаттык турнирдин катышуучусу “Клевер” командасынын спикери Бермет Бекжанова.

Ислам Мамбетов