“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Климат жана «жашыл» көндүмдөр» долбоору

21 Сентябрь 2023 жыл 0:44
Көрүүлөрдүн саны: 332

Нарын облусуна караштуу Нарын шаарында жайгашкан Сагынбай Орозбаков атындагы облустук китеп-канасында Нарын району жана Нарын шаарынын мектептери үчүн «Климат жана «жашыл» көндүмдөр» долбоорунун алкагында «Климаттык медиа» мектеби уюштурулуп, ага жалпысынан Нарын педагогикалык колледжи, 10дон ашуун мектептердин мугалимдери жана мектептик медиа бурчтардын ыктыярчылары катышты. Иш-чарада жашыл экономика, туруктуу өнүгүүнүн максаттары (ТӨМ), медиа жана маалыматтык сабаттуулук, медиа бурчтар сыяктуу темалар тууралуу катышуучулар маалымат ала алышты.

«Климаттык медиа» мектеби

«Азыркы учурдун эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири экология экени баарына маалым. Бул ишке кайдыгер карабастан, ар бир адам четте калбастан, өз салымын кошуу менен гана планетабыздын жаркын келечегин сактап калабыз. Ошондуктан, жашыл экономика, жашыл көндүмдөр, жашыл климат жөнүндө маселелерди билим берүүдө массалык маалымат каражаттарында терең жайылтуу керек. Ар бир адамдын аң сезимине жеткирип, айлана-чөйрөгү коргоо ар бир адамдын көндүмү болуп, жашоо турмуш образы болуп калуусуна тилектешмин», — деп билдирет өз маегинде иш-чаранын спикери, улуттук тренер Айнура Малабаева.

Улуттук тренер Айнура Малабаева

 

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Ислам Мамбетовдун айтымында аталган долбоор мектептердин медиа бурчтарын климаттык медиа жана ар кандай постторду жаратууда мааниси терен экенин белгиледи.

«Климат жана «жашыл» көндүмдөр» долбоорунун алкагында «Климаттык медна» мектеби уюштурулду. Аталган иш-чарага 10дон ашуун мектеп жана Нарын педагогикалык колледжи катышты. Семинардын спикерлери климаттык багыттар жана ТӨМ, медиа тармагында иш алып барган улуттук эксперт жана координатор, кабарчылар болушту. Катышуучулар алган билимин өз медна бурчтар командасы менен биргеликте колдонуп жана ошондой эле долбоордун жыйынтыктоочу «Мыкты климаттык материал» сынагына катышат», деп билдирет Ислам Мамбетов.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Ислам Мамбетов

 

Иш-чаранын катышуучусу, Нарын педагогикалык колледжинин мугалими Мээрим Дүйшееванын айтымында аталган семинар жалпы окуучулар жана ал тургай мугалимдер үчүн дагы абдан манилүү экендигин белгиледи.

«Чынында буга чейин бул сыяктуу иш-чараларга маалыматым жок болуп, кызыгып биле бербептирмин. Бирок чакырылып, катышып көргөндөн кийин бул тармак, биздин коомдо абдан манилүү экендигин түшүндүм. Азыркы учурда биз алган билимибизди иш жүзүндө колдонуу максатында өз окуу жайыбыз үчүн медиа бурч ачууну көздөөдөбүз. Негизи ушул сыяктуу иш-чаралар абдан көп болушун каалайт элем жана семинардын уюштуруучу жана спикерлерине терең ыраазычылык билдирем», — деп билдирет өз маегинде иш-чаранын катышуучусу Мээрим Дүйшеева.

Семинардын катышуучусу Мээрим Дүйшеева

 

«Климат жана «жашыл» көндүмдөр» долбоору «Усупбекстан», «Учкун» жана «Куланак» жамаатык мультимедиалары тарабынан аткарылат.

«Климат жана «жашыл» көндүмдөр» долбоору

«Климаттын өзгөрүшүнө жаштардын туруктуулугу» долбоору Норвегиянын жаратылышты коргоо коомунун жалпы координациялоосу алдында, «БИОМ» экологиялык кыймылы жана «ГЛИП» бейөкмөт уюму менен биргеликте, Европа Бирлигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Аталган материалдын мазмуну Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбашы мүмкүн.

Наргиза Рахматова