“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Күз периси» аттуу күзгү бал кечеси

7 Ноябрь 2023 жыл 22:54
Көрүүлөрдүн саны: 344

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы, Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде «Күз периси» аталышын дагы күзгү бал кечеси болуп өттү. Аталган иш-чарага 8-класстан, 11-класска чейинки окуучулар катышып, мектептин талантуу окуучулары өз өнөрлөрүн көрсөтө алышты. Аталган демилге «Учкунстан» мектеп парламенти тарабынан уюштурулду.

«Күз периси» күзгү бал кечеси

Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Темир Мамековдун айтымында аталган иш-чара жыл сайын күз айларында салт катары уюштурулуп келээрин белгиледи.

«Биздин мектеп жыл сайын мектеп парламенти менен биргеликте күзгү бал кечесин уютуруп келебиз. Аталган иш-чарага жалпысынан жогорку класстын окуучулары жана мектеп мугалимдери катыша алышат жана талантуу окуучулар менен биргеликте ар бир класс өз номерлерин даярдашып катышуучуларга көрсөтүшөт. Ар бир жыл сайын аталган иш-чарага ар түрдүү жаңылануулар жана окуучулардын идеялары менен толукталып турат»,-деп билдирет Темир Мамеков.

Тарбия иштери боюнча директордун орун басары Темир Мамеков

«Күз периси» аталышын дагы күзгү бал кечеси абдан жогорку деңгээлде уюштурулду жана бул иш-чараны жалпы мектеп чыдамсыздык менен күткөн. Эң негизгиси мага ар бир класстардын аткарган номерлери менен иш-чаранын башкы программасы болгон мода көргөзмөсүнө абдан кызуу даярданганы абдан жакты. Мындай демилгелер бат-бат уюштурулуп туруусун каалайм!,- деп билдирет аталган иш-чаранын катышуучусу Фатима Калыбекова.

Иш-чаранын катышуучусу Фатима Калыбекова

Мектеп президенти, иш-чаранын башкы уюштуруучусу Кыял Салдатбекованын айтымында күзү бал бул мектеп ичиндеги  башкы иш-чаралардын бири экендигин белгиледи.

Мектеп президенти Кыял Салдатбекова

«Жыл сайын мектебибизде күзгү бал кечеси болуп келет жана ага жогорку класстардын окуучулары катыша алат. Бул жылы биз бул кечени өзгөчө кылалы деп жаңы идеяларды жана ар кандай сунуштарды камтыдык. Жалпысынан аталышын дагы өзгөчө маани берип «Күз периси» деп атадык. Иш-чара абдан кызыктуу болуп, катышуучулар абдан активдүү болушту. Чынында биздин парламент жана мектеп үчүн бул сыяктуу демилгелер абдан маанилүү себеби күзүндө күз майрамы кечесин, кышында жаңы жылдык балатыны, ал эми жазында Нооруз майрамы сыяктуу иш-чараларды  уюштуруу менен биргеликте окуучуларды ар тараптан өнүктүрүү биз үчүн абдан маанилүү»,- деп белгилейт Кыял Салдатбекова.

Иш-чаранын мода көргөзмөсү

 

Ислам Мамбетов