“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылында “Кыргыз жараны” концепциясы тууралуу окуучулар арасында квиз-оюну болуп өттү

9 Ноябрь 2023 жыл 1:11
Көрүүлөрдүн саны: 200

 Нарын районуна караштуу, Учкун айылында жайгашкан Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде окуучулар арасында “Кыргыз жараны” концепциясы тууралуу квиз интелектуалдык оюну болуп өттү. Аталган иш-чара “Iceberg” тынчтык клубу тарабынан уюштурулду.

«Кыргыз жараны» концепциясы тууралуу окуучулар арасында квиз-оюну

 Мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Темир Мамековдун айтымында окуучулар үчүн интелектуалдык оюндар критикалык ой жүгүртүүсүн жакшыртууга жардам берээрин билдирди.

“Жалпысынан окуучулар үчүн ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет бирок, аталган квиз бул жалпысынан жаңы нерсе болду деп белгилегим келет жана ошондой эле оюн ичинде абдан кызыктуу темалар, актуалдуу мамлекет, жаран жана жаштар сыяктуу суроолор тесттер болгону абдан кубандырат”,- деп билдирет Темир Мамеков.

Интелектуалдык квиз; командалар арасындагы кызуу таймаш

“Чынында бул сыяктуу өзгөчө квиздик оюнга биринчи ирет катышып жатам жана эң негизгиси ар кандай пайдалуу нерселерди үйрөнүп, өз командабыз менен биргеликте талкуулоо абдан кызыктуу болду”,-деп белгилейт өз маегинде аталган иш-чаранын катышуучусу Нурадил Алмазов.

Нурадил Алмазов жана анын командасы

“ICEBERG” тынчтык клубунун координатору Наргиза Рахматованын айтымында “Кыргыз жараны” концепциясын окуучулар арасында ушул сыяктуу иш-чаралар аркылуу жайылтуу абдан актуалдуу жана пайдалуу экенин билдирди.

«ICEBERG» тынчтык клубунун координатору Наргиза Рахматова

“Мектеп окуучулары үчүн интелектуалдык таймаштар абдан кызыктуу жана бул оюн командалык оюн болгондугу үчүн дагы абдан активдүү катышышты. Жалпы квизге ар бир топто үчтөн окуучу турган, беш команда катышып, жалпы үч тур болду. Интелектуалдык оюндун суроолору жалпы тынчтык клубу, кыргыз жараны жана логикалык табышмактардан турду”,-деп билдирет Наргиза Рахматова.

Ислам Мамбетов