Бул Usaid «Бирге окуйбуз» демилгесинде окуу лагери уюшулган. Окутуучулар Нарындан барып окуп келишкен. Бул окуу лагерине 1-4 класска чейинкилер катыша алышат.
Биринчи келгенде ыр ырдашат. Оюн ойношот анан сабакты башташат.
Бул долбоордун уюштуруучусу Гүлмира Имакеева: » Сабакты 14-жолу өттүм. Атайын берилген кабинет бар ал жылуу. Китептер, керектүү материалдар «Бирге окуйбуз» тарабынан берилет кээде өзүбүз айылдык китепканадан алабыз.
Алар кандай кааласа ошондой иштешет.
Китептерди полкага эмес жиптерге илип коюшкан.
Cабак эне тилде өтүлөт жана топтор менен иштешет. Балдар колдору мнен жазаган нерселерди атайын папкага салып коебуз»,- дейт Гулмира Имакеева.
Бул лагерге көптөн бери катышып жүргөн Жооданбек кызы Жайна:» Мен бул лагерге 14-жолу катышкам мага аябай жагат 6-күндү чыдамсыздык менен күтөм. Бул лагер биздин класста эмес башка кабинетте. Эже бизге жомок айтып берет, биз түшүнүгүбүздү айтып беребиз. Оюбуздан жомокторду чыгарабыз ошонусу менен мага жагат»,-дейт ал.
Гүлмира Имакееванын айтымында жетишпеген нерселер көп М: «Кийим илгич жазатыш керек жана бир жолу ремонттон өткөрүү керек»,- деди.