Нарын районуна караштуу Учкун айылында торт, коржик, кекс, булочкаларды айыл тургуну эч кандай жабдуусуз өз колу менен жазоодо.
Буларды жазашына эжеси түрткү болуп, жазаганды үйрөтүп, багыт берген. Барганыбызда эже торт кооздоп жатыптыр, биз да жардамдашып эжеден интервю алдык.
«Мен жазаганымда сүттү айыл элдеринен алам, каймакты сүттөн тартып алам, жумуртка керек болгондо элдерден сатып алам. Бул жерден таза кошулмасы жок азыктар менен жазалат. Кекстердин эки түрү бар бирөө чоң, бирөө кичине, аларды мейиз жана башкалар менен жазайм. Адамдар кандай талап кылса ошондой жазалат»,- деди Каныкей Дөөлөтакун кызы.
Биринчи торттун камырын жууруп, таза бал, сүт, май, сахар, жумуртка жана кооздолушуна ар кандай шокаладттар керек болот.
Бардыгынын сырттарын Бишкекетен алып келишет.
«Эгерде жардам болсо печенье ар кандай башкача тортторду рулеттерди жазаганга дагы мүмкүнчүлүк болмок бизге каражат жетишпегендиктен өзүбүздүн алыбыз жетишинче даярдап жатабыз»,-дейт ал.
Жазаган таварларды азырынча айылдын эли эле алып жатат, магазиндерге берип, магазиндер кайра заказ бергенине жараша жазайт. Заказ көп болсо көбүрөөк жазайт. Бирок мөөнөтү өтүп кетпес үчүн азыраак жазайт.
«Келечектеги пландарым өзүнчө цех ачтырып, бүт шарттарын түздүрүп, бардыгы тең өз өзүңдөн болсо жакшы да кыйналбай өзүнчө иштеп акча таба бересиң»,- деп сөзүн аяктады.
Торттун баасы 250 сом
Коржик салмагына жана көлөмүнө жараша сатылат, 1 коржик 6-7 сомдон
Булочканын 10 штугу 31 сомдон
Кекстин килограммы 120-130 сомдон.
Даярдагандар: Бегимай Бекмурат кызы, Жанара Баялиева
Сынак үчүн