“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Нооруз майрамынын алгачкы күндөрү концерт менен башталды

22 Март 2016 жыл 15:31
Көрүүлөрдүн саны: 65

 

IMG_0254

Учкунда «Салам Нооруз»  аттуу балдар бакчасынын тарбиялануучулары концерт коюп беришти.  Элдин саны көп болуп 50 сомдук билеттер бат эле сатылды. Билеттен түшкөн акча каражаты балдар бакчасында оюн айантчасын куруу үчүн  жумшалмакчы. 

» Биз кичинекей балдарга тарыхыбызды маданиятыбызды үйротүү максатында » Салам Нооруз «деген чакан концерт уюштурганбыз. Элге майрамдык маанай тартуулоо максатында уюштуруп жатабыз»,-дейт концерттин уюштуруучусу Таалай Касымбекова.

IMG_0229

Концерт шаңдуу болуп, маданият үйүнүн ичине көрүүчүлөр батпай калды.

IMG_0248

Кээ бир айыл тургундарынын айтымында билет баасы кымбат болуп калган. Бул туурасында концерттин уюштуруучусу Таалай Касымбекова;

«Келечек үчүн маани берип 50 сом салал турган болсок келечекте 5000 сом кылып кайтарып алышыбыз мүмкүн . Бул концерттин баасы өтө деле жогору эмес өзүн жабдыш керек . Балдардын аянтчасын түзүп жатканбыз ошого кичине болсо да салым кылсын деген максаттабыз. Жалпысынан 200гө жакын билет чыгардык»,-деди ал.

IMG_0275

Ноорузга карата уюштурулган концертте бөбөктөр ырдап бийлеп жатышты.

IMG_0283

Концерт 3 саатка чейин уланды.

Даярдаган: Бегимай Бекмурат кызы.

Сынак үчүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

бул суроого жооп алыш үчүн концерттин уюштуруучусу

Концерттин уюштуруучусу Таалай

 

деп айтып өттү