Нарын районуна караштуу Учкун айылында өрөөндүк «Манас Таануу» сынагы болуп өттү. Сынакка Куланак жана Пианердин жаш манасчылары келишип күч сынашышты.
Учкун айылынын окуучулары «Улуу Баян деген ат менен мурунку жылы «Манас Таанууга» барышып областыкка чейин жолдомо алып, экинчи орунду багындырышкан. Мунусунда өрөөндүктөн Учкундун «Нур Баян» тобу биринчиликти багындырды.
Кагаз кармоо менен Учкундун жана Куланактын окуучулары бетешишти. Пианердин атаандаштары жок болгондугуна байланыштуу калыстар тобу атаандаштын ордуна суроо берип жатты.
Куланак айылынын тобунун аты «Айчүрөк», Пианердики «Асаба», Учкундуку «Нур Баян» болду.
Жеңишке жетишкен «Нур Баян» тобунун топ башчысы Айдай Темирбекованын айтымында утаарына ишенишкен анткени баарын тынбай окуп, сүрөтөлүштөрдү жаттап, жакшы даярданышып жеңишке жетишкендигин белгилеп өттү.
«Улуу Баян» тобун «Нур Баян» кылып андан ары улап райондон да облассттан да өтсөк деген тилегим бар. Буюрса дагы жакшы жетишкендиктер менен келебиз деген ойдомун»,-дейт ал.
Кээ бир окуучулар жооп берип жатканда сүрдөшүп, жоопторун унутуп калып жатышты.
Сынак ачктаган соң Учкун 50 упай, Куланак 31 упай ал эми Пианердики 22 упай болду.
Мектеп парламентиндеги окуучулар келгендерге «Манас Таануу» аяктаган соң дасторкон жазып коноктошту.
Ошентип жеңишке жетишкен «Нур Баян» тобу районго жолдомо алып сүйүнүп турган чактары.
Даярдаган: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн