“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Жаштар сүйлөйт». Нарында эки мектептин ортосунда дебаттык беттеш өттү

24 Март 2022 жыл 17:42
Көрүүлөрдүн саны: 88

«Демилгелүү жаштар» долбоорунун алкагында Нарындын Учкун айылында «Жаштар сүйлөйт» дебат оюну болуп өттү. Дебаттык беттешке Учкун жана Куланак айылынын окуучулары катышты. Иш-чара Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде уюштурулду.

«Демилгелүү жаштар» долбоору USAID уюму тарабынан каржыланып, MSDSP KG тоолу аймактарды өнүктүрүү платформасы, «АгаХан» фонду, Эл аралык дебат ассоциациясы, IDEA Борбордук Азия уюмунун колдоосу менен ишке ашырылат.

Аталган дебаттык турнирди Учкун-Куланак айылынын «Демилгелүү жаштар» командасы кичи грант жеңип алуу менен өткөрүштү. Ага эки айылдан жалпы 24 команда катышты.

Дебат оюну жалпы төрт тур менен өтөт. Оюндун жүрүшүндө мыкты командалар тандалып алынат. Ал эми жыйынтыктоочу беттеш Куланак айылында өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында, турнирге калыс болгон соттор Нарын шаарынан келишти.

«Буга чейин соттор дебатка катышып көптөгөн жеңиштерге жеткен. Башка да бир катар сынактарга калыстык кылышкан», — деп белгиледи долбоорунун координатору Саламат.

Ал эми оюнга калыстык кылган Мунара оюн кызыктуу өткөнүн, бирок ошол эле учурда оюнду түшүнбөгөндөр да болгонун белгиледи.

«Чынында дебат түрдүүчө өттү: Дебаттын маңызын түшүнүп, сүйлөй билген окуучулар дагы, түшүнбөгөндөр дагы бар экен. Сот болуу чынында оор болду. Анткени туура чечим чыгаруу маанилүү», — деди ал.

 

Ал эми дебатты уюштурууга катышкан Жаркынай Эсенгулова оюнду уюштурууда кыйынчылыктар болгонун белгиледи.

«Биз бюджетти эсептөөгө, бөлүштүрүүгө жана катышуучуларды каттоого биз чоң маанини бердик. Биз ойлогондон да көп топ катышты жана жалпы беш сот калыс болду», — деди Эсенгулова.

Оюнга катышкан VIP командасынын спикери Эдил Дайыракунов дебат кишини өз оюн айтууга үйрөтөрүн белгилеп, өзү да пикирин эркин билдирүүгө аракет кылганын айтты.

«Чынында соттор дагы мыкты экен. Мынчалык деңгээлде болот деп күткөн эмесмин. Ойлогондон дагы көп катышуучу келиптир. Биз жаштар катары өз оюбузду эркин айттык деп ишенем», — деди катышуучу.

Учкун жана Куланак айылдарында жүргүзүлгөн сурамжылоо: «Жаштар коомчулукка өз көйгөйүн айта албайт»

Ислам Мамбетов