“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Пандемия тоскоол эмес». Учкунда жергиликтүү бийлик кандай иштерди аткарды?

25 Июнь 2021 жыл 21:58
Көрүүлөрдүн саны: 84

Нарын районундагы Учкун айылынын жергиликтүү бийлиги пандемия шартында көп жылдан берки таза суу маселесин чечип, вирусту алдын алуу иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Учкун айылынын тургундары жана айыл башчысы Жумакадыр Исмаилов билдирди. Айылда аткарылган иштер тууралуу «Учкун медианын» кабарчылары жергиликтүү тургундар менен маек курду.

Коронавирус илдетин алдын- алуу чаралары

Учкун айылынын жергиликтүү бийлиги пандемия башталган учурда айылга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Нарын району менен Ак-Талаа районун бириктирген негизги жолго көзөмөл өткөрмө жайларын уюштурган.

«Нарын облусу боюнча эң алгачкы коронавирустун белгилери биздин айылда туулуп өскөн, Нарында жашаган тургунда байкалган. Ал айылга да келип кеткен экен. Ошол себептен айылды толук бойдон жаап, бардык санитардык эрежелерди сактоого жана чектөөлөрдү киргизүүгө туура келди. Вирусту алдын алуу жаатында биздин жергиликтүү бийлик “Жаштар уюму” менен биргеликте алгылыктуу иштерди аткардык», — деп билдирди Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов.

 

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Учкун айылына тазалык каражаттарын жана хлорду бекер таратышкан. Андан тышкары, айыл үчүн келген гуманитардык жардамды турмуш абалы начар үй-бүлөлөргө бөлүштүршкөн.

 

«Мен учкун айылында маданий кызматкер болуп иштейм, бирок айылда коронавирус катталды дегенде, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден өйдө ишке чыгып жаттык. Келген жардамдарды тургундарга бөлүштүрдүк. Тазалык каражаттарын тараттык», — дейт Мээрим Кожомкулова.

 

Айылдын көйгөйүн чечүүгө багытталган иш аракеттер

Пандемия учурунда жергиликтүү бийлик тарабынан Чоро Кожомжаров атындагы маданият үйүнө 200 миң сом бөлүнүп, 100 орундуу жаңы столдор алынган. Ошондой эле маданият үйү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

 

«Маданият үйүнө 100 орурндуу ортургучтарды алдык. Буга депутаттар жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом акча бөлүп берген. Тендер жарыялап, 182 миң сомдун оокатын алдык. Бүгүнкү күнү толук оңдоо иштерин жүргүздүк», — дейт айыл башчы Жумакадыр Исмаилов.

COVID-19 учурунда Учкун айылынын негизги көчөсүнө жарык бергичтер орнотулду. Ал көчөдө көпүрө жайгашып, Учкун айылынын эки бөлүгүн бириктирип турат. Буга чейин ал жер караңгы болгондуктан, ар түрдүү кырсыктар катталчу.

Ошондой эле быйылкы жылы Учкун айылында көптөн бери көйгөй болуп келген таза суу маселесин чечүү максатында айыл эли чогулуш өткөргөн. Анда Учкун айылынын жергиликтүү бийлигинин сунушу менен маселени айыл тургундары менен биргеликте чечүү максатында ар бир түтүндөн он миң сомдон чогултуу чечими кабыл алынган.

Учурда айылга Кош-Булак аталышындагы булактан суу тартып келүү иштери жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары менен биргеликте таза суу түтүктөрү орнотулду.

«Учурда менин балдарым таза суу киргизүү үчүн иштеп жатышат. Буга чейинки казуу иштерин техниканын жардамы менен жүргүзүшкөн. Суу түтүктөрүн орнотуу жана көмүү иштерин ар бир уруу өкүлдөрү жүргүзүп жатат. Ал үчүн айыл өкмөтү тарабынан эмгек акы катары ун, кум шекер, май өңдүү азыктар берилүүдө», — деп белгилейт айыл тургуну Рахатбек Нурмамбетов.

Анын айтымында, Учкун айылынын жергиликтүү бийлиги пандемия учурунда алгылыктуу иштерди аткарды. Себеби, буга чейинки көйгөйлүү делген маселелер чечилип, айылды тазалоо иштери дагы жүргүзүлгөн.

«Жергиликтүү бийликтин ишин жаман деп баалоого болбойт. Айыл жаштары, эли менен биргеликте бир топ эле иштерди бүтүрдү. Ал эмес кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандарга жардам дагы чогултуп, айыл жаштары жеткирип келишти. Бирок кылган иштердин бардыгын жергиликтүү бийлик гана аткарды дегенден алысмын. Себеби жаштар, эл болбосо мындай иштер бүтпөйт эле», — дейт Рахатбек Нурмамбетов.

 

Гүлзар Казиева