“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Коронавирус жаштар үчүн чоң сыноо болду

6 Июнь 2021 жыл 23:44
Көрүүлөрдүн саны: 118

Коронавирус пандемиясы региондордогу жаштарга чоң сыноо болду. Окуучу жана студенттер окууларынан кыйналса, жаштар илдетти жеңүү үчүн биргеликте иш алып барган. Бул тууралуу Нарын районуна караштуу Учкун айылынын жаштары белгилеп, өз ойлорун билдирди.

Окуучу жана студенттер билим алууда кыйналды

Covid-19 илдети мектеп окуучуларына, өзгөчө бүтүрүүчү класстарга терс таасирин тийгизди. Себеби, алардын кесип тандоо жана чет жактан билим алуу мүмкүнчүлүгү кыскарды. Бул тууралуу Эшбай Токсобаев атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Гүлзира Токтоналиева айтып өттү.

Эшбай Токсобаев атындагы мектептин бүтүрүүчүсү Гүлзира Токтоналиева

«Covid-19 жеке мага гана эмес дүйнө жүзүнө таасирин тийгизди. Бардык өлкөлөрдөгү мамлекеттерде экономикалык жана билим жактан төмөндөп кеткендигин байкасак болот. Окуучу, студенттерге дагы таасирин тийгизип жатат десем жаңылышпайм. 9-11-класстар үчүн жылда болчу экзамендер болгон жок. Бул көрүнүш дагы жакшы эмес деп ойлом, себеби ошондой экзамендер жана тесттер билим деңгээлибизди чыңдамак. Мындан тышкары бүтүрүүчүлөргө кесип тандоо жана чет жерден билим алуу мүмкүнчүлүктөрү азайды», — деди ал.

Токтоналиева пандемия учурунда мектептен аткарам деп кыялданып келген иш чараларын уюштура албай калганын белгилейт. Ал эми 11-класстардын бүтүрүү иш- чарасы жылдагыдай болбой калганына кейиди.

Ошондой эле Covid-19 илдети студенттердин билим денгээли бир кыйла төмөндөгөн. Бирок пандемия айрым студенттерге калыптануу жагынан оң таасирин тийгизди. Бул тууралуу Кыргызстан эл аралык университетинин 2- курсунун студенти Бегимай Алиаскарова билдирди.

Кыргызстан эл аралык университетинин 2- курсунун студенти Бегимай Алиаскарова

«Covid-19 илдети учурунда окуубузда кыйынчылыктар болду, себеби окутуу онлайн болгондугуна байланыштуу билимибиз кыйла төмөндөдү, интернетке жана уюлдук телефонго байланыштуу тоскоолдуктар көп болду. Көптөгөн студенттерде жалкоо болуп кетишти.
Бирок онлайн окуу өтө начар болду деп айтуудан алысмын. Себеби мугалим катары биз өз алдынча билим алып, ар кандай маалыматтарды китептен, интернеттен издеп билим алдык. Замандын талабына ылайык технологиялар менен көп иштедик, ар кандай слайддарды, видеолорду жасоо менен өзүбүздү өнүктүрдүк», — дейт студент.

Пандемияда жаштардын ынтымагы бекемдеди
Пандемия региондордогу жаштарын ынтымагын бекемдеди. Себеби оор кырдаал учурунда айылдагы колунда жокторго жана бейтаптарга жардам берүүдө жаштар биргеликте кызмат кылган. Бул тууралуу Учкун Жаштары уюмунун мүчөсү Нурсултан Асанбеков билдирди.

Учкун айылынын жаштары жалпы чогулушта

Карантин күчөп турган учурларда, айылга жардам катары келген гуманитардык жардамдарды таратууда жана өз демилгелери менен ар кандай иштерди алып барууда айылга жардам көрсөткөн патриот жаштарыбыз жок эмес дейт жаштар мүчөсү.

Учкун Жаштары уюмунун мүчөсү Нурсултан Асанбеков

«Коронавирус жалпы элге абдан чоң сыноо болду. Коронавирус Нарында биринчилерден болуп чыкты дегенде абдан сарсанаа болдук. Жаштар үчүн чоң сыноо болду. Ошого карабастан жаштар биригип, өзүбүздүн өмүрүбүздү тобокелге салып айыл үчүн кызмат кылдык. Көптөгөн иштерди алып бардык. Айыл өкмөткө да жардам берип, айылга келген гуманитардык жардамдарды ар бир үйгө жеткирип берип жаттык. Жаштар көчөмө-көчө бөлүнүп айылга чоң жардам көрсөттүк. Тоодон арчаларды алып келип айылга тараттык», — деди ал.

Учкун айылынын жаштары айылды тазалап жатат

Асанбековдун айтымында, жаштар биригип айылдын кире беришине жана аягына атайын пост орнотушкан. Анын максаты ар бир келген адамды каттоого алып, температурасын текшерүү болгон.

Айыл тургундарына гуманитардык жардам таратуу учурунда

Азыркы учурда чоң иш чара өткөрө элекпиз. Бирок кичине спорттук иш чаралар болуп жатат. Башка учурлар болсо дагы ардам көрсөтүү үчүн айыл жаштары дайыма чогулабыз. Айыл жаштары дайыма алдыда жүрүшөт», — дейт жаштар уюмунун мүчөсү.

Учкун айылынын жаштары айылга таза суу чыгаруу ишине активдүү катышып жатат

Белгилей кетсек, Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургундары жана жаштары Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүп келишкен.

Учкун жаштары кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жабыркагандарга материалдык жардам чогултуп жатат

Эгер сизге пандемия учурндагы региондордогу абалдан көбүрөөк кабардар болгуңуз келсе, бул жактан окусаңыз болот:

Пандемияда аялдар айылдын социалдык жашоосуна активдүү катышты

«Вакцинанын сапатына ишенбейм». Үй-бүлөлүк дарыгер эмне дейт?

Пандемия учурунда айылда ишкердик кылгандар көбөйдү

Гүлзар Казиева